Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары америкалык таасирдүү адамдар менен жолугушту

Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары Халид ал-Жараллах, Перс булуңундагы кризисти чечүү үчүн өлкөсүнө келген америкалык таасирдүү адамдар менен жолугушту.

786203

Кувейттин кабар агенттиги КУНАнын берген маалыматына караганда,  Жараллах АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Тимоти Лендеркинг жана ардактуу эс алуудагы генерал Энтони Цинни менен жолукту.

Жолугушууда, Катардын айланасындагы кризисти чечүү үчүн  жолдор, аны менен катар эки өлкөнүн достук мамилелери жана аймактык, эл аралык деңгээлдеги акыркы абалдар талкууланды.

Лендеркинг жана Цинни сүйлөшүүдө Вашингтон бийлиги Кувейттин кризисти чечүүгө багытталган аракеттерин колдой турганын баса белгиледи.

Американын мамлекеттик катчылыгы тарабынан, атын атагысы келбеген бир өкүл, Катар менен Перс булуңундагы өлкөлөрдүн ортосундагы чыңалууну чечүү үчүн аймакка эки бийик даражадагы өкүл жиберилгенин  билдирген.

Тектеш кабарлар