Ливан - Сирия чек арасында эвакуациялар башталды

7 миңге жакын кишиден турган конвойдун биринчи группасы Сириянын түндүгүндөгү Идлибге барды.

783928
Ливан  - Сирия чек арасында эвакуациялар башталды

Ливан – Сирия чек арасында Хизбуллах менен Дамаск Боштондук Кеңешинин ортосунда түзүлгөн ок атышууларды токтотуу келишиминен кийин 7 миңге жакын кишиден турган конвойдун биринчи группасы Сириянын түндүгүндөгү Идлибге барды.

Ливандын Сирия чек арасындагы Арсал аймагынан 117 автобус менен кечээ кечки сааттарда жолго чыккан конвойдун биринчи группасы Идлибге барды.

Режимге каршы куралдуу топтордон Дамаск Боштондук Кеңешинин мүчөлөрү жана качкындардан турган группанын мейманкана жана баш калкалоочу лагерлерге таркатылышы күтүлүүдө.

Адам укуктары жана эркиндиктери гуманитардык жардам фондунун Сирия иштеринин Бабүл Хава офисинин жооптуусу Шуайип Алтун : «Адам укуктары жана Эркиндиктери катары Арсалдан келген жарандарды Хамада тосуп алдык. Аларга азык  - түлүк жеткирдик»,- деди.



Тектеш кабарлар