АКШ Орусияга кандай жооп берди?

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун мойнуна алуу билдирүүсү...

782222
АКШ Орусияга кандай жооп берди?

Тиллерсон АКШнын Орусияга багытталган жаңы санкция чечимдерине өзүнүн да президент Дональд Трамптын да канааттанбагандыгын айтты.

Мамлекеттик катчы Орусия менен карым-катнаштарынын “катуу чыңалууга” кабылганын билдирди.

Рекс Тиллерсон, Тышкы иштер министрлигинде уюштурулган маалымат жыйынында Американын тышкы саясатына да баа берди.

Орусиянын өткөн жума өлкөдөгү америкалык дипломаттардын санын 755 кишиге азайтуу чечимин чыгаруусу эки өлкө ортосундагы кызматташуунун дагы начарлоосуна алып барып барбаганын жана бул маселе боюнча Тиллерсон, Орусия президенти Владимир Путиндин чечими экс президент Барак Обаманын декабрь айында 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимине жооп катары чыгарганын билдирди.

АКШнын жаңы санкцияларды кабыл алуусу Путиндин ошол мезгилден бүгүнкүгө чейин карманган жооп укугун колдонууга шарт түзүлгөнүн билдирген Тиллерсон, “Президент Путиндин дагы Орусияда көзүнө караган калкы бар. Мындан улам симметриялуу бир кадам таштоо зарылчылыгын сезгенин ойлоп жатам”- деди.

Өткөн жумада басымдуу көпчүлүк кабыл алган Конгресстен Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү чечимин камтыган мыйзамга Трамптын кол коерун айткан Тиллерсон мындай деп сөзүн улантты:

“Мен да президент да Конресстин бул санкцияларды киргизүү кадамына ыраазы эмеспиз. Булардын биздин кылган иш аракеттерибизге пайдалуу болбоору боюнча ачык айтканбыз, бирок бул алардын чыгарган чечими. Муну басымдуу  көпчүлүк менен кабыл алышкан”.



Тектеш кабарлар