Катар Дүйнөлүк Соода Уюмуна арыз менен кайрылды

Доха бийлигинин кайрылуусу менен Перс булуңундагы өлкөлөр менен болгон соодалашуудагы чыр-чатактардын чечилиши үчүн 60 күндүк убакыт берилди.

781580
Катар Дүйнөлүк Соода Уюмуна арыз менен кайрылды

Катар, өлкөгө жарыяланган бойкоттон соода, кызмат көрсөтүү жана интеллектуалдык менчик укуктарынын бузулууларынан улам Дүйнөлүк Соода Уюмунун астындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу органына арыз менен кайрылды.

Доха бийлигинин кайрылуусу менен Перс булуңундагы өлкөлөр менен болгон соодалашуудагы чыр-чатактардын чечилиши үчүн 60 күндүк убакыт берилди.

Катардын Дүйнөлүк Соода Уюмунун өкүлү Али аль-Валид аль-Сани бул убакыт ичинде маселе чечилбей турган болсо бойкотко өзүлөрүнүн да жооп бере тургандарын айтты. Ошондой эле Аль-Сани маселени БУУнун жарандык авиация уюмунун жыйынында да күн тартибине киргизерин баса белгиледи.

Экономика жана соода министри Шейх Ахмед бин Жасим бин Мухаммед Аль-Сани болсо: “Эмбарго киргизген өлкөлөрдүн өзүм билемдик кылуулары эл аралык чечим, макулдашуу жана салттарга жат келиши менен катар экономикалык биригүүлөр жагынан сабак алса боло турган окуя,”- деди.

Аль-Сани Экономика жана соода министрлигинин, Катардын өзүнүн ошондой эле өнөктөштөрүнүн соода жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн эл аралык жана аймактык уюмдардын деңгээлинде керектүү ар түрдүү кадамга бара турганын билдирди.

Перс булуңундагы кризис 5- июнда Сауд Аравия, БАЭ, Бахрейн жана Египет бийликтеринин Катар менен бардык дипломатиялык байланыштарын токтотуу менен башталган.

Катарга блокада жарыялаган төрт өлкө байланыштарын калыбына келтирүү үчүн Доха бийлигине 13 бөлүмдөн турган талаптардын тизмесин берген. Катар болсо эл аралык мыйзамга каршы эч бир талаптын кабыл алынбасын билдирген.



Тектеш кабарлар