АКШдан Түндүк Кореяга коркутуу

АКШнын президенти Дональд Трамп акыркы баллистикалык ракетасын сынаган Түндүк Корея үчүн «бул маселени чечебиз» деди.

781554
АКШдан Түндүк Кореяга коркутуу

АКШнын президенти Дональд Трамп акыркы баллистикалык ракетасын сынаган Түндүк Корея үчүн «бул маселени чечебиз» деди. Трамп Ак үйдөгү кабинет жыйынынан кийин басма сөз кызматкерлерине берген маалыматта : «Түндүк Корея маселесин чечебиз. Чечилет. Баарын чечебиз»,- деди.

Трамп АКШ армиясынын жаңы башкы штабынын төрагасы Жон Ф. Келли үчүн да : «Мыкты иш алып барарынан шектенбейм»,- деди.

Түндүк Корея жума күнү бул жылдын 14 -ракетасын сынады жана экинчи континенттер аралык баллистикалык ракета сынагын ишке ашырган.

Президент Трамп айрыкча бул тууралуу өкмөттүн Түндүк Корея менен Жакынкы Чыгыш да болуп бир топ тышкы саясат маселелердин «мурунку башкаруудан мурас калгандыгын» айтты.



Тектеш кабарлар