Түндүк Кореяга каршы Япония менен АКШ бир пикирде

Синдзо Абэ жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп Түндүк Кореядан келе турган коркунучтарга каршы коопсуздук чараларын арттыруу туурасында макулдашышты.

780717
Түндүк Кореяга каршы Япония менен АКШ бир пикирде

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп Түндүк Кореядан келе турган коркунучтарга каршы коопсуздук чараларын арттыруу туурасында макулдашышты.

Эки лидер Түндүк Кореянын жума күнкү баллистикалык ракеталарынын сыноосун карап чыгуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Япониянын премьер-министри сүйлөшүүдөн кийин басылмаларга берген маалыматында, “Баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөн Түндүк Кореядан келе турган коркунучтарга каршы коопсуздук чараларын арттыруу туурасында Трамп менен бир пикирдемин”,- деп билдирди.

Абэ, Орусия жана Кытай менен кошо эл аралык жамааттын бул кырдаалга карата олуттуу алдын-алууларды көрүп, Түндүк Кореяга болгон кысымдарды көбөйтүү керектигин айтты.

Япониянын министрлер кабинетинин катчысынын орун басары Коити Хагиуда, Абэ менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө Түндүк Кореяга каршы аскердик күч  колдонуу сүйлөшүлбөгөнүн айтты.

Ак үйдүн билдирүүсүндө болсо, Түндүк Кореянын, АКШ, Япония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөргө каршы барган сайын олуттуу коркунуч туудурган маселесинде эки лидердин бирдей көз карашта болгону айтылды.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, жума күнү Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөнүн айтып жана ракетанын Япониянын өзгөчөлөнгөн экономикалык аймагындагы сууларына түшкөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар