Иран космоско спутник ташуучу ракета учурду

Ирандык жетекчилер Имам Хаманей космостук борборунун расмий ачылгандыгын да билдирди.

779561
Иран космоско спутник ташуучу ракета учурду

Жетекчилер бул сынак менен Имам Хаманей космостук борборунун расмий ачылгандыгын да билдирди.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү берген маалыматка караганда Иран бейшемби күнү космоско спутник ташый ала турган бир ракета  учуруу менен сынакты ишке ашырды. Спутник ташуучу ракетанын атынын «Симург» экендиги белгиленген кабарда  учуруунун ийгиликтүү ишке ашкандыгы билдирилди. Кабарда : «Симург супник ташуучу унаанын ийгиликтүү учурулушу менен имам Хаманей Космостук Борбору расмий түрдө ачылды»,- деп билдирилди. Ошондой эле «Симург» ракетасынын 250 килограммдык салмактагы спутниктерди 500 километр алыстыктагы орбитага жайгаштыруу күчүнө ээ экендиги белгиленди.

АКШ көптөгөн жылдардан бери ракета учуруу программасын узун аралыктуу ракета жасоодо да колдонушунан улам нааразычылык билдирүүдө. Иран бул ойлорду четке кагууда. Иран 2012 – 2013 -  жылдарда космоско эки жолу маймыл жибергендигин жана маймылдардын аман – эсен жерге кайтып келгендигин билдирген.

Иран май айында берген маалыматында болсо космоско адам жиберүү пландарын абдан чоң чыгымдардан улам ишке ашыра албай тургандыгын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар