Араб мамлекеттери Израилге каршы чогулат

Араб лигасы, Израилдин Иерусалим жана Акса мечитиндеги ашынган бузукулуктан улам кезексиз чогулуу чечимин чыгарды.

776302
Араб мамлекеттери Израилге каршы чогулат

Араб лигасы берген жазылуу маалыматта: “Араб лигасынын Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде кезексиз чогулуу чечимин чыгарды”- деп айтылган.

Араб лигасынын катчысы Ахмед Абуль Гейт да бул тууралуу медиа каражаттарына берген маалыматында Израилдин жылдар бою жүргүзгөн Иерусалим жана Акса мечитине каршы пландарын айыптап: “Иерусалим кызыл чийинибиз. Араб жана мусулман элдери ага зыян тийишин кабылдабайт. Израиль өкмөтү от менен ойноодо. Израиль, Ислам жана Араб ааламында  оор кырдаалдын шамын тутандырып жатат”,- деди.

Башка бир тараптан Швеция, Франция  жана Египет Бириккен Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешин Акса мечитиндеги  чыңалууну  басаңдатуу үчүн жыйналышка чакырды.  Швециянын  туруктуу өкүлү Карл Скей,  социалдык баракчасына жазган маалыматында, Израилдеги чыңалууну басаңдатыш үчүн  Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешин Франция жана Египет менен бирге тез арада жыйналышка чакыргандарын жарыялаган.

Израилдин полициясы, 14-июлда Акса мечитинде куралдуу кол салуу кылганын айткан 3 палестиналыкты өлтүргөнүн, окуяда жарадар болгон 2 израилдик полициянын ооруканада көз жумганын билдирген.

Окуядан соң Акса мечитинде ибадат кылууга тыюу салган  Израиль күчтөрү, Хареми Шерифтин эки каалгасын  кийин ачып, бирок бул ирет да эшиктерге металл издөөчү детекторлорду жайгаштырган эле .

Аксада намаз окууга тоскоолдук кылган  израиль полициясы менен бул детекторлордон өтүүнү каалабагадыктан чырдашкан  палестиналыктардан үчөөнүн өмүрү кыйылса, ондогону жаракат алган.                           



Тектеш кабарлар