Араб жарым аралында чыңалуу күч алууда
Кол салууларда 19 киши каза болуп6 10 аскер жараланды.
Йемедин Таиз шаарында армияга караштуу күчтөр менен хусилер жана кулатылган президент Али Абдуллах Салих жактоочусу күчтөрдүн ортосундагы кагылышууларда 19 киши каза болуп, 10 аскер жараланды.
Таиздеги Йемен күчтөрү аскердик катчы Абдуллах еш -Шаби шаардын батышында чыккан кагылышууларда экөөсү командир болгон алты аскер менен 13 террористтин каза болгондугун, 10 аскердин жаралангандыгын, 10 хусинин да качып баратып кармалгандыгын айтты.
Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде хусилер жана аларга колдоо берген кулатылган президент Али Абдуллах Салих жактоочулары жана Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы эл аралык коалиция колдогон мыйзамдуу өкмөт күчтөрүнүн арасындагы кагылышуулар өлкөнүн кээ бир шаарларында улантылууда.
Тектеш кабарлар
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.