15-Июль 136 өлкөдө эскерилди
15-Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнүн себебинен бир апта бою 136 өлкөдөгү 226 өкүлчүлүктө эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.
15-Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнүн себебинен бир апта бою 136 өлкөдөгү 226 өкүлчүлүктө эскерүү иш-чаралары өткөрүлсө, элчи жана башкы консулдар жергиликтүү медиа өкүлдөрү менен 216 жолугушуу өткөрүштү.
Желгиликтүү басма сөз органдарында Түрк элчилери тарабынан жазылган 47 макала жана 15-Июль шейит жана ардагерлерин эскерүү максаты менен ар башка өлкөлөрдүн жогорку тираждуу гезиттеринде 34 жарыя берилди.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда 9-15-июль жумалыгында өлкө тышында ар түрдүү иш-чаралар, көргөзмөлөр жана эскерүү аземдери өткөрүлдү.
Ушул алкакта өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө эскерүү дептерлери ачылды, бир топ өлкөдө жума кутпаларында 15-Июль шейиттери үчүн дуба кылынды.
Бир апта бою элчи жана башкы консулдар маалымат жыйын жана басма сөзгө маек куруп берүү форматында жергиликтүү медиа өкүлчүлүктөрү менен 216 жолугушуу өткөрүштү.
Премьер-министр Бинали Йылдырым тарабынан калемге алынган макала, 30 өлкөдө 47 медиа мекемесинде жарыяланды. Түрк элчилер тарабынан даярдалган 47 башка макала да жергиликтүү басма сөз органдарында орун алды.
15-Июль шейит жана ардагерлерди эскерүү максатында ар башка өлкөлөрдүн жогорку тираждуу гезиттеринде 34 жарыя берилди.
Элчилер жана башкы консулдардын карамагында Анадолу агенттиги чогулткан фотосүрөттөрдөн турган 69 көргөзмө ачылды.