Триллион тонналык муз ажырады

Галлердеги Суонси университетинен илимпоздор Батыш Антарктидадан Англиянын борбор шаары Лондондун төрт эсеси чоңдугунда бир муз тоосунун ажырагандыгын билдирди.

769526
Триллион тонналык муз ажырады

Антарктидадан триллион тонналык муз ажырады. The Telegraphта орун алган кабарга караганда Галлердеги Суонси университетинен илимпоздор Батыш Антарктидадан Англиянын борбор шаары Лондондун төрт эсеси чоңдугунда бир муз тоосунун ажырагандыгын билдирди.

Суонси университетинин изилдөө группасы көптөгөн жылдар байкоого алган Антарктидадагы Ларсен С муз массасынан 5 миң 800 километр квадраттык муз тоосунун ажырашынын Америка авиация жана космостук мекемеси НАСА акуа спутниги тарабынан көрүнүшүнүн алынгандыгын белгиледи.

Триллион тонналык муз тоосунун копясы Ларсен С муз массасынын чоңдугунун 12 пайызы азайгандыгы белгиленди. Суонси  университетинен профессор Адриан Локкман берген маалыматында : «Бул ажыроону көптөн бери күтүп жатканбыз. Муз тоосун иликтөөнү улантабыз. Ушул кезге чейин ажыраган эң чоң муз тоолорунун бирөөсү»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар