Сирияда ПКК/ПЙДге каршы митинг

Сириянын Халеп шаарынын түндүгүндө оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Маре районунда ПКК/ПЙД террордук уюмуна каршы митинг өткөрүлдү.

768009
Сирияда ПКК/ПЙДге каршы митинг

Сириянын Халеп шаарынын түндүгүндө оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Маре районунда ПКК/ПЙД террордук уюмуна каршы митинг өткөрүлдү.

Мареликтер кечки сааттарда райондун аянтында чогулуп, ПКК/ПЙДге каршы ураандар менен жүрүштү.

Жакын жердеги айылдардан да   катышкандар болгон митингде арапча жана англис тилинде «Террордук уюм ПККны  кыянаттык менен айылдарыбызга алып келдиңер. Аларды эми айылдарыбыздан чыгаргыла», «Түрк аскери  боордобушбуз жана союздашыбыз»,- деп жазылган плакаттар менен жүрүштү. Митингге чыкандар террордук уюмдун Сириянын түндүгүн басып алган, араб калкы көп жашаган айыл, район жана аймактардан чыгышын каалады.

Террордук уюм ПКК/ПЙДнин кечээ Халептин Маре районунда бир айылда дыйканчылык аянтында иштеген жумушчуларга ок атуусу менен 1 кыз бала каза болуп, 2 жаран жараланган.



Тектеш кабарлар