АКШ Африкага жардам берет

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги Африкага 639 миллион доллар гуманитардык жардам берет.

767281
АКШ Африкага жардам берет

АКШнын Эл аралык  өнүгүү агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта соккуга дуушар болгон жана ишенимдүү азык – түлүккө жетише албагандар үчүн Түштүк Судан, Нигерия, Сомали жана Йеменге 639 миллон долларга жакын  гуманитардык жардам берилери белгиленди.

Акыркы берилген жардам менен бирге АКШнын бул өлкөлөр үчүн 2017 – жылдын ичинде жумшаган көлөм 1,8 миллиард доллардан ашкандыгы билдирилди.

Маалыматта жаңы жардамдар менен кагылышуулардан таасирленгендерге кошумча чукул азык  - түлүк, медициналык жардам, жакшыртылган саламаттык кызматтары, эң чоң холера эпидемиясы менен күрөшүп жаткан Йемен башта болгон башка өлкөлөрдөгү эпидемиялык оорулардын жайылышына бөгөт болуу жана дарылоо үчүн таза суу, гегиеналык жана саламаттык программаларынын түзүлөрү билдирилди.

Бул өлкөлөрдө согуш жана ички кагылышуулардан миллиондогон кишинин таасирленгендиги белгиленип  Сомали, Йемен жана Түштүк Суданда он миллиондогон кишинин жокчулук менен бетме – бет экендиги баса белгиленди.

АКШнын Эл аралык  өнүгүү агенттигинин билдирүүсүндө бул өлкөлөрдөгү адамзаттык абалдын  жакшыртылышына салымын кошкон өлкөлөргө рахмат айтылды. Маалыматта бул өлкөлөрдө азык – түлүк коопсуздугунун азыр да коркунуч астында экендигине көңүл бурулуп бул өлкөлөргө жардам берүүгө чакыруу салынды.



Тектеш кабарлар