Асад режими убактылуу ок атууларды токтотууну жарыялады
Башар Асад режими Сириянын түштүгүндөгү Дера, Кунейтра, Сүвейда облустарында жасаган кол салууларды төрт күндүгүнө токтоткондугун жарыялады.
763732
![Асад режими убактылуу ок атууларды токтотууну жарыялады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f120/b18b/6b67/595a51505abfd.jpg?time=1718698941)
Башар Асад режими Сириянын түштүгүндөгү Дера, Кунейтра, Сүвейда облустарында жасаган кол салууларды төрт күндүгүнө токтоткондугун жарыялады.
Режимдин коргоо министрлигинин интернет сайтынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Армия жана куралдуу күчтөрүнүн башкы командирлиги тынчтык жана макулдашуу процессине колдоо берүү үчүн өлкөнүн түштүк аймагындагы Дера, Кунейтра, Сүвейда облустарында жүргүзүлгөн аскердик операцияларын 2 - июль күнү саат 12ден 6 - июль 00:00гө чейин токтотту»,- деп билдирилди.
Убактылуу ок атууларды токтотуу процессинин 4 – 5 - июль күнү Казакстандын борбор шаары Астана жыйыны өткөрүлө турган күндөрдү камтуусу көңүлдөрдү бурууда.