Германия чоң жыйырмалар саммитине даярданууда

7 -8 -  июнь күндөрү Гамбургда боло турган саммиттин коопсуздугу үчүн миңдеген полиция кызмат кылат.

761910
Германия чоң жыйырмалар саммитине даярданууда

Германияда президент Р. Т. Эрдоган да катыша турган чоң жыйырмалар саммити үчүн даярдыктар улантылууда. Соода, климат жана миграция темалары карала турган саммиттен мурда Германия мамлекет жана өкмөт башчыларынын коопсуздугун түзүү үчүн Шенген маселесин токтотту.

7 -8 -  июнь күндөрү Гамбургда боло турган саммиттин коопсуздугу үчүн миңдеген полиция кызмат кылат. Немис жетекчилер саммит боло турган аймакты коопсуз аймак деп жарыялады жана  чогулууга тыюу салды. Немис коопсуздук күчтөрүнө Голландия жана Австриядан атайын коопсуздук бөлүктөрү жардам берет.

Саммитте бардык Европадан келе турган митингчилердин Гамбургда митинг өткөрүшү күтүлүүдө. Чыгымга учуроодон тынчсызданган шаар борборундагы чоң соода борборлору да коопсуздук чараларын саммит процессинде арттырышарын билдирди.

Саякат агенттиктери бир топ туристтин Гамбург саякаттарын токтотушкандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар