АКШнын президенти Дональд Трамп чоң жыйырмалар саммитинде Путин менен жолугушат
Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси, армиянын генералы МакМастер Трамптын атайын күн тартибинин жок экендигин билдирди.
![АКШнын президенти Дональд Трамп чоң жыйырмалар саммитинде Путин менен жолугушат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cca8/d1ed/b584/5955c9e9e22be.jpg?time=1718802837)
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын Гамбург шаарында жолугушат.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси, армиянын генералы МакМастер Трамп менен Путиндин 7 – 8 - июлда Гамбургда өткөрүлө турган чоң жыйырмалар саммитинде жолугушарын жарыялады.
МакМастер Трамптын атайын бир күн тартибинин жок экендигин, толугу менен өзү каалагандай сүйлөшөрүн айтты. Сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу суроолорго жооп бербеген МакМастер Орусиянын АКШнын президенттик шайлоосуна берген таасири тууралуу сөздөрдүн күн тартибине келип же келбей тургандыгы тууралуу суроолорду да жоопсуз калтырды.
Дональд Трамп чоң жыйырмалардын саммитинде Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Мексиканын президенти Энрике Пена Ньето менен да жолугушат.
Тектеш кабарлар
![Чадда чоң жарылуу болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/adb7/88ea/456a/66727c7dbb986.jpg?time=1718802838)
Чадда чоң жарылуу болду
Энцемин аэропортуна жакын жердеги Гонджи аймагындагы аскердик ок-дары сакталган кампада өрт чыкты.