SpaceX 3 күндө эки жолуу учууну аткарды
SpaceX космостук фирмасы акыркы 3 күндүн ичинде эки башка космостук милдетин аткарууга чыккан биринчи фирма болду.
759812
Американын космостук унаасы жана ракета өндүрүүчүсү SpaceXтин Falcon 9 ракетасы 3 күндүн ичинде эки башка учту. Мурунку күнү Болгариянын байланыш спутниги үчүн учууну аткарган SpaceX космостук фирмасы акыркы 3 күндүн ичинде эки башка космостук милдетин аткарууга чыккан биринчи фирма болду.
Iridium Communications үчүн жаңы муундагы 10 Iridium NEXT спутниги ташыган Falcon 9 ракетасы Калифорниядагы Ванденберг аба базасынан Түркия убактысы боюнча саат 00:25те ийгиликтүү учурулду. Iridiumдун 2018 – жылдын ортолоруна чейин мобилдик үн жана маалымат байланыш системасы тармагында жалпы 75 жаңы муундагы спутникти космоско жиберүүнү пландагандыгы белгиленди. SpaceX акыркы учуу менен 2017 - жылдын ичинде жалпы 9 жолу учту.