Израилдин Палестинадагы отурукташкан аянттары көбөйүп кетти

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси боюнча атайын координатору Николай Младенов, БУУнун коопсуздук кеңешине Иерусалимден видео конференция жолу менен катышып маалымат берди.

757343
Израилдин Палестинадагы отурукташкан аянттары көбөйүп кетти

Бириккен Улуттар Уюму, Израилди Палестинадагы отурукташкан жерлеринин көбөйгөнү менен эскертти.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси боюнча атайын координатору Николай Младенов, БУУнун коопсуздук кеңешине Иерусалимден видео конференция жолу менен катышып, Кеңештин токтомуна карабастан Израилдин Батыш Шериадагы мыйзамсыз отурукташуу аянттарынын пландарынын акыркы үч айда олуттуу түрдө көбөйгөнүн айтты.

Израилдин басып алуусу астындагы Палестинанын жерлериндеги отурукташкан жерлердин мыйзам ченемсиз болгонун жана эки мамлекеттүү чечимдин үмүттөрдү өчүргөнүнө көңүл бурган Младенов, «Отурукташуу пландары тууралуу жарыялар 24-марттан бери олуттуу түрдө өстү. 4 миң жаңы отурукташкан аянт курула турганы жарыяланды жана 2 миңи үчүн тендер өткөрүлүүдө. Чыгыш Иерусалимде да 770 отурукташкан аянттын курулушу бекитилүү баскычында турат»,-деди.

Аймактагы коопсуздук абалына да токтолгон Младенов, акыркы үч айда Израилдин Газага абадан чабуул койбогонун, Газадан да Израилге ракета атылбаганын, бирок Палестинада Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн 17 кишини өлтүрүп койгонун, Израилде болсо бир аскер жана бир полициянын өлтүрүлгөнүн белгиледи.

Газада көптөгөн айлардан бери болуп келген электр энергиясы кризисине да токтолгон Младенов, Газа калкына күнүгө 4 саат электр энергиясы берилгенин, электр жарыгынын өчүрүлүшү оорукана жана мектептерди иштегис кылганын жана суу булактарына терс таасир тийгизгенин белгиледи.



Тектеш кабарлар