Үч өлкө тарабынан берилген мөөнөт аяктады

14 күндүк мөөнөт жергиликтүү убакыт боюнча саат 24.00тө аяктады

755236
Үч өлкө тарабынан берилген мөөнөт аяктады

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейн тарабынан Катардагы жарандарына кайра кайтуулары жана өз жерлеринде жашаган катарлыктардын өлкөсүнө кетүүлөрү үчүн берилген мөөнөт аяктады.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейн 5-июнда Катар менен болгон бардык карым-катнаштарын токтоткондорун билдиришкен болчу.

Үч өлкө Катардагы жарандарына кайра катуулары үчүн чакырык салып жана өз жерлериндеги катарлыктардын да өлкөлөрүнө кетүүлөрү үчүн берилген 14 күндүк мөөнөт, жергиликтүү убакыт боюнча саат 24.00тө аяктады.

Бул үч өлкөнүн жарандары болуп өлкөлөрүнө кайткандар менен бул өлкөлөрдө жашап Катарга кайткандардын саны так эмес.

Катардагы Адам укуктары боюнча улуттук комитет буга чейин жарыялаган отчетунда, Катарда бул өлкөлөрдүн жарандары болгон 11 миң 387 кишинин болгонун, бул өлкөлөрдө болсо 1 миң 927 катарлыктын жашагынын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар