Түндүк Кореянын ядролук куралдарынын жок кылынышы Түштүк Корея үчүн абдан маанилүү

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ин, Түндүк Кореянын ядролук куралдарынын жок кылынышынын өлкөсү үчүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

751538
Түндүк Кореянын ядролук куралдарынын жок кылынышы Түштүк Корея үчүн абдан маанилүү

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ин, Түндүк Кореянын ядролук куралдарынын жок кылынышынын өлкөсү үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп өттү.

Мун, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин атайын өкүлү Тошихиро Никаи менен болгон жолугушуусунда: «Түндүк Кореянын ядролук куралдарынын жок кылынышы дүйнөдө жана Түндүк-чыгыш Азияда тынчтыктын кепилдиги үчүн зарыл, ошол эле учурда Түштүк Корея үчүн мааниси абдан чоң»,-деди.

Мун жөн гана кысым көрсөтүү жана санкциялардын Пхеньяндын ядролук куралдардан баш тартуусун камсыздабай турганын, Түндүк Кореянын сүйлөшүү үстөлүнө алып келиниши керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Мун: «Кысым жана санкцияларды арттырып жатканда ядролук куралдардан баш тарткан учурунда Түндүккө жардам да бере турганыбызды билдиришибиз керек»,-деп айтты.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы, Эл аралык футбол федерациялары биримдигинин төрагасы Жанни Инфантино менен жолугушуусунда болсо 2030-жылдагы Дүйнөлүк кубокту Түндүк Корея менен биргелеше өткөрүүгө даяр экендиктерин билдирди.

«Түштүк Корея жана Түндүк Корея менен кошо Түндүк –чыгыш Азиядагы коңшу өлкөлөр 2030-жылдагы Дүйнөлүк кубокту өткөрүүнү кабыл алса, бул жагдай Түндүк Корея жана Түштүк Кореяда тынчтыктын түзүлүүсүн камсыздай алат»,-деп айткан Мун, Инфантинонун бул темага атайын көңүл бөлүшүнүн абдан жакшы болооорун белгиледи.

Инфантино да Түштүк Кореянын лидери Мундун ой-пикирин кубаттаганын айтты.

Мындан мурда басма сөздө орун алган кабарларда Түштүк Корея, Түндүк Корея, Кытай жана Япониянын 2030-жылдагы Дүйнөлүк кубокту уюштура ала тургандары белгиленген.



Тектеш кабарлар