Түркия-Кытай мамилелери

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-22

748967
Түркия-Кытай мамилелери

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бир канча күн мурда Кытайга расмий сапар жасады. Биз да бул жумадагы программабызда ушул сапарды жана Түркия-Кытай мамилелерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Пекинде өткөрүлгөн Эл аралык кызматташуу үчүн «Бир алкак-бир жол» форумуна катышуу жана Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушууларды өткөрүү үчүн бир канча күн мурда Кытай Эл Республикасына расмий сапар жасады. Түркия менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык алакалар 1971-жылы түзүлгөн. Түркия-Кытай кызматташтыгы 1980-жылдардан тарта жанданды. Ал эми өз ара мамилелер акыркы мезгилде эки тараптуу  жогорку деңгээлдеги сапарлар аркылуу да өнүгүп баратат.

Түркия 2002-жылга чейин тышкы соода жана эл аралык инвестициялар тармагында багытын Европага гана бурган болчу. 2002-жылдын аягында Түркиянын проактивдүү тышкы саясатынан улам жаңы базар экономикасына багыт алуу зарылчылыгы болду. Бул абалды байкаган президент Эрдоган Азия, Африка жана Латын Америка аймактарына көбүрөөк маани бере баштады. Кытайга сапарын да ушул алкакта карап чыксак болот.

2010-жылы Түркия менен Кытайдын ортосунда стратегиялык кызматташуу келишимине кол коюлду. Бирок карым-катнаштардын стратегиялык пландоонун негизинде жүргөнүн айта алабайбыз. Түркия менен Кытайдын ортосундагы экономикалык байланыштардын Түркиянын экономикасына оң таасири бар. Бирок Түркиянын Кытайга карай тышкы соода кемчилиги жыл сайын өсүп баратат. Түркия 2016-жылы Кытайдан 25,4 миллиард долларлык импорт, Кытайга 2,4 миллиард долларлык экспорт кылды. Бул абал туруктуу эмес. Түркия-Кытай экономикалык байланыштарынын күчтөндүрүлүшү жана туруктуу болуусу үчүн Кытайдан Түркияга түздөн-түз инвестициялардын көбөйүшү керек. Ушул алкакта президент Эрдоган жана аны коштогон делегациянын расмий жолугушуулары убагында түрк жана кытайлык компаниялар биргелеше технологияларды өндрүүгө карата келишимдерге кол коюшту.

Учурда түркиялык ишкерлер менен студенттер дуушар болгон виза тартиби жана Кытайда коопсуздук чараларынан улам бетме-бет келген терс ишке ашыруулар уланып жатат. Түркияда 2008-жылы ачылган Кытайдын Конфуций институттарынын саны 2016-жылдан тарта бешке жетти. Бирок Конфуций институтуна жооп иретинде ачыла турган Түркиянын Юнус Эмре институту дагы деле Кытайда ишин баштай алган жок. Түркиянын Конфуций институттарына көрсөткөн жеңилдикти эми Кытай дагы Юнус Эмре инстутуна көрсөтүшү керек.

Акыркы жылдарда батыштык медианын ДЕАШ аркылуу Түркияны өз саясатын өзгөртүүгө мажбурлоо аракетине Кытай да кошулууда. Кытай Сирия кризисине уйгур түрктөрү маселесинин алкагында карап жатат. Түркиянын Сирияда уйгур согушкерлерине колдоо көрсөтүп жатканын айтып Түркияны күнөөлөөдө. Кытай уйгур түрктөрүн ички маселе катары эсептейт жана берки өлкөлөрдүн маселеге кийлигишүүсүн катуу сындайт. Бирок Сирия сыяктуу Кытайга миңдеген километр алыстыктагы аймакта болуп жаткан адамдык жана ахлактык трагедияга чечүүчү жол издеген Түркиянын уйгур түрктөрү аркылуу күнөөлөөсү Кытай үчүн олуттуу карама-каршылык.

Кытайда уйгур түрктөрүнө карай укук бузуулар эл аралык бейөкмөт уюмдары тарабынан күн тартипке коюлуп турат. Кытайдын суук согуш мезгилинен калган саясий айтымдары жана саясаттары да (сөз эркиндиги менен катар) уйгур түрктөрүнүн үстүндө орчундуу кысым болуусун улантууда. Уйгур түрктөрүнүн диний эркиндиктери, эне тили жана саясий активизм тармактарында чоң маселелер бар. Кытай өкмөтүнүн экономикалык туруктуулук жана чогуу жашоо темаларындагы расмий басым жасоосу тилекке каршы иш жүзүндө олуттуу жооп таба албайт.

2016-жылдын акыркы айларында (өзгөчө 15-июлдан кийин) Түркия менен Кытайдын ортосундагы байланыштар кайрадан оң багыт алды. Түркия менен Кытайдын ортосунда биринчи жолу Министрлик деңгээлинде кеңешүү механизми түзүлдү. Түркия үчүн Кытай бир гана эки тараптуу алакалар жагынан эмес, аймактык жана дүйнөлүк байланыштар жагынан да каралышы керек болгон актер болуп саналат. Анткени президент Эрдоган Пекинде так билдирүүсүн айтты. Түркия менен Кытайдын жаңы барак ачканын билдирди.

Кытай 11 триллион долларлык ички дүң продукциясы менен дүйнөнүн эң чоң экономикасы болуп эсептелет. Учурда Кытайдын Түркиядагы түздөн-түз инвестициясы 600 миллион доллар деңгээлинде. Бул деңгээлдин өтө төмөн экени темасында эки тарап тең бирдей пикирде. Түркия учурда тышкы технологияга көз карандылыгын азайта тургандай түрдө Кытай менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну максаттап жатат. Кытайдын өнүгүүсү жана эл аралык системадагы абалын карай турган болсок учурдагы кризис тармактарына карабастан Түркия-Кытай алакалары өнүгүүсүн улантат. Түркия-Кытай мамилелери Түркиянын Батыш менен болгон байланыштарына альтернатива эмес, бул алакаларды толуктоочу байланыш катары эсептесек болот.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар