Уурдалып кеткен Будданын айкели табылды

Кылмышкерлер айкелди сатууга аракет кылышкан

746137
Уурдалып кеткен Будданын айкели табылды

Индиядагы бутканалардын биринде уурдалып кеткен 900 жылдык Будданын айкели табылды.

Индиянын маалымат агенттиги ANI, Аруначал-Прадеш провинциясындагы бутканадан уурдалып кеткен 12-кылымдан калган Будданын айкелинин, Делинин Мажну Ка Тилла аймагында табылганын билдирди.

Делинин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча директорлугу, айкелди сатууга аракет кылган 2 кишини камакка алды.



Тектеш кабарлар