Япония космоско спутнигин учурду

Спутник Танэгасима космодромунан учурулду

743431
Япония космоско спутнигин учурду

Япония өз ордун аныктоочу глобалдык системасын куруу иштеринин алкагында космоско спутнигин учурду.

Жол көрсөтүүчү дегенди туюнкан «Мичибики» аттуу спутник Танэгасима космодромунан учурулду.

Япониянын космостук агенттиги келээрки жылы дагы эки спутниктин учурулушу менен Япониянын өз ордун аныктоочу глобалдык системасынын бүткөрүлө турганын билдирди.

Япония учурда Американын системасын колдонууда.  



Тектеш кабарлар