Трамп менен Король 2 - Абдуллахтын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Сириядагы кризисти акырына чыгаруу аракеттери кенен түрдө каралды.

733949
Трамп менен Король 2 -  Абдуллахтын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп Иорданиянын королу 2 -  Абдуллах менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ак үй АКШнын президенти Трамп менен Иорданиянын королу 2 -  Абдуллахтын ортосундагы телефон сүйлөшүүсүндө эки лидердин Сириядагы кризисти акырына чыгаруу аракеттерин кенен түрдө сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Трамп менен Король 2 -  Абдуллахтын АКШ менен Иорданиянын ортосундагы орток тармактарда жакын кызматташтыктын улантылары баса белгилегендиги билдирилди. Маалыматта бул сөздөргө орун берилди : «Эки лидер Сириядагы кризисти аягына чыгаруу жана улантууга боло турган бир макулдашууну түзүү  аракеттери каралды. Айрыкча президенттин жакындап келе жаткан Жакынкы Чыгыш сапары тууралуу да сүйлөшүү болду. Президент АКШнын Иорданиянын ырааттуулугу, коопсуздук жана бейкуттугуна берген маанини баса белгилеп, королго ДЕАШ менен күрөшүүдө кошкон салымынан улам рахмат айтты».



Тектеш кабарлар