АКШдан Асадга жаңы санкция

Санкция тизмесине араларында Башар Асаддын тууганы да болгон беш сириялык алынды.

734143
АКШдан Асадга жаңы санкция

АКШнын казына министрлиги Сирия калкына карата жасалган кол салуулардан улам Асад режимине жаңы санкция чечимдеринин чыгарылгандыгын жарыялады. Санкция тизмесине араларында Башар Асаддын тууганы да болгон беш сириялык алынды. Айрыкча борбору Дамаск болгон 3 фирма, бир банк менен бир коом АКШнын кара тизмесине кошулду.

Вашингтон башкаруусу апрель айынын башында Идлибде жасалган химиялык кол салуудан улам Сирия режимине караштуу Сирия илимий  эмгектер жана изилдөөлөр борборунун кызматкери болгон 271 сириялык да санкция тизмесине алынган.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо бул кол салууну жасаган учактар конуп – учкан Шайрат аба базасына ракеталык кол салуу жасоо жолдомосун берип, жарандык согуш башталган 2011 – жылдан бери Америка башкаруусу Асад режимине каршы биринчи жолу аскердик кадам таштаган болду.



Тектеш кабарлар