Токио станциясында мечит курулат

Азыркы учурда Японияда Ханеда жана Нарита аэропортторунда мечит бар.

730388
Токио станциясында мечит курулат

Японияда JR East (East Japan Railway Company /Чыгыш аймагынын Япония темир жол фирмасы)Токио станциясында мечит  ачыларын билдирди.

JR Eastтин бул чечимине Түштүк Чыгыш Азия башта болуу менен Японияны зыярат кылган мусулман турист санындагы өсүү себеп болду.

JR Eastтын башкы директору Тетсуро Томита өткөргөн пресс – жыйынында : «Японияга көп сандаган мусулман келип жатат. Станцияда да ыбадаттарын кыла ала турган бир жер болушу керек»,- деди. Башкы директор 5 -  июнда ачыларын жана күн сайын жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:30дан жума ичинде 19:00, жуманын акырында болсо 17:00гө чейин колдоно алышарын билдирди.  Мечит 8 метр квадраттык чоңдукта жана ичинде даарат алуу мүмкүнчүлүгү болот.

Азыркы учурда Японияда Ханеда жана Нарита аэропортторунда мечит бар.

 



Тектеш кабарлар