Путин менен Аббас жолугушат

Жолугушуу кайсы шаарда өтөт?

728966
Путин менен Аббас жолугушат

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас 11-майда жолугушат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусияга бара турган Аббастын бейшемби күнү Сочиде Путин менен жолугушаарын билдирди.

Песков эки лидердин Жакынкы Чыгышта чечүүчү жол күткөн маселелер менен катар Орусия менен Палестинанын ортосундагы айрым темаларды да талкуулай тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар