ДЕАШ террордук уюму орус агентин өлтүрдү

Видеодо үч туткундун да орус тилинде сүйлөгөндүгү угулууда.

728890
ДЕАШ террордук уюму орус агентин өлтүрдү

Сирия жана Иракта жерлерин жоготуп жаткан ДЕАШ террордук уюму колго түшүргөн орус жашыруун сервиси ФСБ үчүн иштеген бир агентти өлтүрдү.

Агенттин тамагы кесилген 12 минуталык орус тилиндеги видео Орусиянын Экинчи дүйнөлүк  согушунун жеңиш күнүндө жарыяланды. Сирияда тартылган бул видеодо үч туткундун да орус тилинде сүйлөгөндүгү угулууда. Террордук уюм мындан мурда да ушуга окшогон пропаганда видеолорду жарыялап, бул көрүнүштөрдө кээ бир орус аскерлеринин өлүмү орун алган.

Москва бул көрүнүштөр тууралуу азырынча маалымат бере элек. Орусиянын коргоо министрлиги 2015 -  жылы сентябрь айынан бери операциялар жүргүзүлгөн Сирияда 30га жакын аскердин каза болгондугун билдирген болчу.

Орусия Түркия жана Иран менен өткөн жумада коопсуздук келишимине кол койгон болчу.

Дамаск режимин колдогон Москва декабрь айында Халептеги эвакуациялар үчүн Түркия менен бирдикте кыймылга өткөн болчу.

ДЕАШ террордук уюм азыркы учурда Ирак  - Мусул жана Сириядагы Ракка да курчоо астында. Уюмдун батыштагы эң чоң борбору Ел Баб болсо Түркиянын Евфрат калканы кыймылы менен 23 -  февралда кайра алынды.

ДЕАШ өткөн жылы колундагы жерлердин төрттөн бир бөлүгүн алдырды. 2014 – жылдан бери Иракта жоготкон аянт болсо 65 пайыз. Иракта Феллуже жана Ливияда Сирте сыяктуу шаарлардан тазаланган кандуу уюм Мусулду да жогото турган болсо колунда бир гана Ракка калат.

 



Тектеш кабарлар