Франциянын жаңы президентине куттуктоолор келүүдө

АКШнын президенти Дональд Трамп : «Франциянын жаңы президенти болуп шайланган Еммануэль Макронду куттуктадым. Бирдикте иштөөнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн».

727985
Франциянын жаңы президентине куттуктоолор келүүдө

Франциянын президенти болуп шайланган Еммануэль Макронду түрдүү өлкөлөрдүн лидерлери куттукташууда. Америка башкаруусу Макрону куттуктады. АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык медиа эсеби аркылуу бөлүшкөн куттуктоосунда : «Франциянын жаңы президенти болуп шайланган Еммануэль Макронду куттуктадым. Бирдикте иштөөнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн»,- деп жазды.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жан - Клод Яюнкер да социалдык медиа эсебинен Макрону куттуктады жана : «Француз шайлоочунун европалык келечекти шайлоосунан бактылуумун. Бирдикте дагы күчтүү жана адилеттүү бир Европа»,- деп жазды.

Европа Биримдигинин тышкы карым – катнаштар боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини : «Франция келечекке инвестиция салууну тандады. Еммануэль Макрон менен иштешүү жана биримдикке кайрадан форма берүүгө даярмын»,- деди.

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Голландиянын премьер – министри Марк Рутте да Еммануэль Макрону куттуктады.

Орусиянын президенти В. Путин да Макрону куттуктады жана глобалдык темаларда бирдикте иштегенге даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда  Франциядагы саясий абалдар акча базарына да таасирин тийгизди.

Евронун АКШ долларына караганда баасы көтөрүлүп акыркы 7 айдын эң жогорку деңгээлине чыкты.

Азия биржалары да Франциядагы жыйынтык менен жогорулоого өттү. Япония никкеи индекси 2015 -  жылдын декабрь айынан бери эң жогорку деңгээлине жетти.



Тектеш кабарлар