Иранда шахтада болгон көчкүдө 35 жумушчу каза тапты

Иран эмгек жана социалдык коопсуздук министри Али Ребии : «Тилекке каршы көчкү астында калган бардык шахтерлор каза болду»,- деди.

725586
Иранда шахтада болгон көчкүдө 35 жумушчу каза тапты

Ирандын түндүк аймактарынан Гулистанга караштуу Азаршехр шаарындагы Земестан Юрт көмүр шахтасында болгон жарылууда көчкү астында калган 35 жумушчу каза болду.

Иран эмгек жана социалдык коопсуздук министри Али Ребии : «Тилекке каршы көчкү астында калган бардык шахтерлор каза болду»,- деди.

Изилдөө иштери улантылып жаткан шахтада ушул кезге чейин 21 жумушчунун сөөгүнүн табылгандыгы жарыяланды.

Иран Кызылайынын изилдөө  - куткаруу бөлүмүнүн төрагасы Шахин Фетхи түшкү сааттарда болгон күчкүнүн астында калган 40тан ашуун жумушчудан алтоосунун жаралуу куткарылгандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар