Сирияда колдонулган химиялык куралдар адамзат кылмышы

Адам укуктарын иликтөө уюмунун аткаруу директору Кеннет Рот, иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялады.

724124
Сирияда колдонулган химиялык куралдар адамзат кылмышы

Адам укуктарын байкоо уюму Сирия режиминин декабрь айынан бери эң аз 4 жолу химиялык курал колдонгонун документтештирди.

Борбору Нью-Йоркто орун алган уюм, Сирия жана аймак өлкөлөрүндө жүргүзгөн сүйлөшүүлөр, аймактын тургундарынан алынган фото сүрөттөр жана видео менен буга окшогон далилдер боюнча иликтөөлөрдү жүргүздү.

Адам укуктарын иликтөө уюмунун аткаруу директору Кеннет Рот, иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялады.

Рот, режим күчтөрүнүн акыркы 6 айда согуштук учактар, тик учарлар жана кургактык күчтөрү аркылуу 4 борбордо хлор жана зарин газы менен кол салганын белгиледи.

Бул жерлердин арасында 4-апрелде кол салуунун бутасы болгон Идлибге караштуу Хан Шейхун менен катар Дамаск, Хомс жана Халеб орун алды.

Адам укуктарын байкоо уюмунун директору Рот, аты аталган кол салуулардын адамзатка каршы кылынган кылмыш деп кабыл алына турганын белгиледи.

Кенет Рот, БУУнун коопсуздук кеңешинен аты аталган кол салуулардын Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун комиссиясы тарабынан иликтениши үчүн токтом чыгартылышын талап кылды.



Тектеш кабарлар