Башар Асад аскерлери Дамаск жана Идлибде кол салды
Кол салууда 4 жаран каза болуп, 11 киши жараланды.
Сирияда Башар Асад башкаруусундагы аскердик учактардын борбор шаар Дамаск менен Идлиб шаарында отурукташуу жерлерине жасаган абадан кол салуусунда 4 жаран каза болуп, 11 киши жараланды.
Идлибдеги жарандык коргонуу жетекчилеринен Лейс ел - Фарис кол салууларда көп сандаган отурукташуу жеринин да кулап, зыян тарткандыгын белгилеп : «Хаманын түндүгүндөгү Кафр Зейта аймагында Эбу Убейде бин Жерах мечити абадан кол салууда кулап колдонулбай турган абалга келди. Режим союздаштары менен Идлиб жана Хама элетине катуу кол салууларды жасоодо»,- деди.
Дума районундагы Сирия жергиликтүү координация комитетинин мүчөсү Юсуф ел - Бустани да режимдин борбор шаар Дамаскта оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Кабун мааласына кургактыктан жана абадан катуу кол салгандыгын айтты.