Орусия Түндүк Корея чек арасына аскер жайгаштырды

Орусиянын чыгышы мүмүкн болгон АКШ – Түндүк Корея согушуна каршы чара көрүү катары чек арага аскер жайгаштыргандыгы ортого чыкты.

717896
Орусия Түндүк Корея чек арасына аскер жайгаштырды

Орусиянын чыгышы мүмүкн болгон АКШ – Түндүк Корея согушуна карата чара көрүү катары чек арага аскер жайгаштыргандыгы ортого чыкты.

Бүгүн эрте менен ортого чыккан көрүнүштөрдө Орусиянын Түндүк Корея менен арасындагы 11 мил узундуктагы чек арасын аскердик бөлүктөр жана курал  - жарактар менен күчтөндүргөндүгү көрүнүүдө.

Аймактан келген биринчи фотографтар Владивостоктон жолго чыккан үч поезд менен миңдеген аскер жана танканы аймакка жибергендигин көрсөтүүдө. Daily Mailдин кабарына караганда Орусиянын президенти В. Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын Ким Йонг Ун башкаруусуна бир аскердик кийлигишүүдө боло турган болсо чек арада качкын көчүнүн башталышынан коркууда. Орусия  Түндүк Корея чек арасына Кытайдын 150 миң аскер жиберишинен көптөгөн күндөрдөн кийин аскерлерин жайгаштырды.

Пекин башкаруусу согуш чыга турган болсо чек араларына качкындардын киришинен тынчсызданууда. Кытай да расмий гезитердин бири болгон Глобал Таймстын арачылыгы менен Вашингтонго каршы чыкты.

Коммунисттик партиянын расмий гезити «АКШ армиясы менен президент Трамп жасалма кабарларды бирдикте чыгаргандыгы чындык. Эч шексиз АКШ тарыхында аз кездешкен чыр – чатактардын бири жана Трамптын кадыр – баркына зыянын тийгизди»,- деп жазды.

Вашингтондун союздашы Түштүк Кореяда болсо чоң бир кыжырдануу бар.

«Карл Винстон жалганы» деген тема менен окурмандарынын алдына чыккан гезиттер Трамптын кыймылын Түндүк Кореянын жасалма ракета сынактарына окшотту.

АКШ Түндүк Кореянын ракета сынактарына каршылык катары 8 -  апрелде бар экендигин көрсөтүү үчүн чара катары USS Carl Vinson учак кемесине Батыш Тынч океанга багыт алуусуна буйрук берген, бирок кеменин тескери багытта кеткендиги ортого чыккан.



Тектеш кабарлар