Сириядагы жарандар коопсуз аймакка көчүрүлүүдө

Ваер районунан чыгарылган жаран жана аскердик элементтер орун алган 5-топ Жераблус районуна жетти.

716123
Сириядагы жарандар коопсуз аймакка көчүрүлүүдө

Сириянын Хомс облусунда режимдин курчоосундагы Ваер районунан чыгарылган жаран жана аскердик элементтер орун алган 5-топ Жераблус районуна жетти.

Ваерден шейшемби күнү кечинде чыккан 5-топтогу 2124 киши Халебдин түштүк чыгышындагы Түркия чек арасында «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында террор уюму ДЕАШтан тазаланган Жераблус районуна жетти.

510у бала, 275и аялдан турган бардыгы 1874 жаран жана 250 аскердик оппозициячыл Жераблустагы Зогара баш калкалоочу лагерине жайгаштырылды.

Адам укук жана эркиндиктери гуманитардык жардам фонду оппозициячылдардын аймагына кирген топко азык-түлүк жардамын берди.

Ваерден өткөн айда башталган эвакуациялардын алкагында чыгарылган алгачкы эки топ, Жераблуста курулган лагерлерге алып барылган.

3-топ Идлибдин элет жериндеги убактылуу баш калкалоочу борборго, 9-апрелде чыгарылган 4-топ болсо Жераблустагы Зогара лагерине жайгаштырылган болчу.



Тектеш кабарлар