Путин:«Бул Европадагы жана дүйнөдөгү олуттуу чыр-чатакка карай жасалган кадам»

Владимир Путин расмий жолугушуулар үчүн барган Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте орусиялык басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

2145607
Путин:«Бул Европадагы жана дүйнөдөгү олуттуу чыр-чатакка карай жасалган кадам»

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага батыш аскерлерин жөнөтүү жакшы чечим эмес экенин билдирип:«Бул Европадагы жана дүйнөдөгү олуттуу чыр-чатакка карай жасалган кадам»,-деп айтты.

Владимир Путин расмий жолугушуулар үчүн барган Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте орусиялык басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

Франциянын Украинага аскер жиберүү аракети тууралуу сөз кылган Путин: «Биз радиодон англис, француз жана поляк тилдериндеги сүйлөшүүлөрдү тынымсыз угуп турабыз. Жалданма аскер деп аталгандардын ансыз да ал жакта экенин билебиз»,-деп жооп берди.

Батыш аскерлеринин Украинага жөнөтүлүшүнүн жакшы чечим болбостугун баса белгилеген Путин: «Бул Европада жана дүйнөдө олуттуу кагылышууга карай кадам таштоодо. Алар муну каалап жатабы? Макул анда»,-деди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Украинага берилген курал-жарактар ​​Орусиядагы буталарды да ата алат деген талабына жооп берген Владимир Путин: «Өзгөчө НАТО өлкөлөрүнүн жана Европадагы кичинекей өлкөлөрдүн өкүлдөрү эмне менен ойноп жатканын билиши керек. Алар жалпысынан калкынын жыштыгы өтө жогору, жерлери чакан өлкөлөр экенин унутпашы керек. Алар Орусиянын аймагына терең чабуул жасоо тууралуу сөз кылуудан мурда ушул факторлорду эске алышы керек», - деди айтты.

Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу: «Менин оюмча, (Украинада) бирден-бир легитимдүү бийлик - бул парламент жана Раданын төрагасы (Украина парламентинин)»,-деди.



Тектеш кабарлар