Корея жарым аралында согуш чыгып кетиши мүмкүн

Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы каяша айтышуу да күчөп баратат.

715214
Корея жарым аралында согуш чыгып кетиши мүмкүн

Корея жарым аралында чыңалуу күчөп баратканда Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы каяша айтышуу да күчөп баратат.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс: «Түндүк Кореяга көрсөтүлгөн стратегиялык сабырдуулук соңуна чыкты»,-деди.

Түндүк Кореядан жооп кечиккен жок. Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Ким Ын Рён: «АКШ Корея жарым аралындагы чыңалууну күчөтүп жатат. Термоядролук согуш башталып кетиши мүмкүн. Түндүк Корея, АКШ каалагандай түрдө согушка жооп берүүгө даяр»,-деди.

Ким, айрыкча БУУнун коопсуздук кеңешинде 28-апрелде Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу атайын жыйналыш өткөрүү чечимин да сынга алды.

Ким Ын Рён: «Кеңештин апрель айынын жетекчилигин милдеттенген АКШ, бул жоопкерчилигин кыянаттыкка колдонууда. АКШ гангстер түшүнүгү менен эгемендүү өлкөлөргө кийлигишип жатат»,-деди.

Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Ким, аскердик коркунучтарга каршы куралданууну уланата тургандарын жана атомдук сыноолорун уланта тургандарын да айтты.



Тектеш кабарлар