Орусия, АКШ жана БУУ Женевада Сирия тууралуу сүйлөшөт

Саммитке эки өлкөнүн диплоаматтары менен бирге БУУму да катышат.

714663
Орусия, АКШ жана БУУ Женевада Сирия тууралуу сүйлөшөт

 Орусия АКШ жана БУУ Сирия тууралуу сүйлөшүү үчүн келерки жумада Швейцариянын Женева шаарында жыйын өткөрөт.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Москва жана Вашингтон өкүлдөрүнүн Сириядагы кризисти сүйлөшүү үчүн келерки жумада Женевада жолугушарын айтты.

Саммитке эки өлкөнүн диплоаматтары менен бирге БУУму да катышат.

Жарандык согуш жетинчи жылына кирген Сирияда Орусия  Дамаск режиминин эң негизги коргоочусу. АКШ болсо оппозициячылдарды колдоп жана Башар Асадга жылуу карабай жатат.

Эки жума мурда Идлибдеги химиялык куралдуу кол салууда араларында балдар да болгон  100гө жакын кишинин каза болушу менен АКШ Сирия режимин биринчи жолу аткан болчу.

Жер Ортолук деңизиндеги аскердик кемелерден Шайрат аба базасына томагавк ракеталары атылып, АКШ менен Орусия кайрадан карама каршы келген. Орусиянын премьер  - министри Дмитрий Медведев дүйнө чоңдорунун согуштун  босогосуна келгендигин айткан.



Тектеш кабарлар