Асад бийликте турганда тынчтык өкүм сүргөн Сирия мүмкүн болбойт

Спайсер, Асад режимине ар түрдүү колдоону көрсөткөн Орусияны «тарыхтын жаңылыш тарабында турганы» менен күнөөлөдү.

710807
Асад бийликте турганда тынчтык өкүм сүргөн Сирия мүмкүн болбойт

АКШнын Ак үйүнүн баса сөз катчысы Шон Спайсер, Башар Асад бийликте турганда тынчтык өкүм сүргөн Сириянын мүмкүн болбой турганын айтты.

Шон Спайсер күнүмдүк басма сөздү маалыматтандыруусунда өз калкына каршы химиялык курал колдонгон бийликтин өлкөсүнө тынчтык алып келүүсүнүн мүмкүн болбой турганын баса белгиледи.

АКШнын 2-Дүйнөлүк согушунда да химиялык курал колдонбогонун айткан Спайсер: «Ал эмес Гитлер да химиялык курал колдонгудай түрдө абройун түшүргөн эмес»,-деп айтты.

Спайсер, андан кийин сөздөрүн оңдоп кетиши керектигин сезип калып, бул жөнүндө айткан себебинин «Гитлердин Асад сыяктуу ушундай ыкмалар менен өз калкына сарин газын чачпаганын» айтуу болгонун белгилеген Спайсер, андан соң жазуу түрүндө маалымдоо жасап сөздөрүнүн «Еврей геноциди» (холокост) менен чаташтырылбашы керектигин билдирди.

Айткысы келгенинин Асад менен Гитлерди салыштыруу болбогонун белгилеген Спайсер, холокост же Гитлерди эске салган сөздөрүнүн жаңылыш болгонун жана коомчулуктан кечирим сураганын айтты.

Асад режимине ар түрдүү колдоону көрсөткөн Орусияны болсо «тарыхтын жаңылыш тарабында турганы» менен күнөөлөгөн Спайсер: «Орусия, Түндүк Корея, Сирия жана Иран менен жанаша турууда жана Орусиянын тышында калгандары ийгиликсиз өлкөлөр. Мындай болгон соң Орусия өзүн эл аралык коомчулуктан изоляция кылганына шек жок»,-деди.

Спайсер, Асад режиминин учурда химиялык куралдарга ээ болбоосу керектигин жана тийиштүү келишимге Орусиянын да кол койгонун эске салып, Москванын Дамасктын үстүндөгү таасирин химиялык куралдардын экинчи колдонбоосу үчүн жумшоосу керектигин айтты.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы биринчи планынын дагы деле ДЕАШты жеңип чыгуу болгонун баса белгилеген Ак үйдүн катчысы, «Экинчиден эгерде Орусия жана башкаларынын салымы менен саясий чөйрө түзүлө алса сириялыктар өздөрүнө бир лидер тандай алышат»,-деди.

Спайсер айрыкча Орусиянын Идлибдеги химиялык курал кол салуусунан кабары болуп болбогону туурасында Американын чалгындоо кызматтарынын ортосунда макулдашуу болбогонун айтты.



Тектеш кабарлар