Сербияда бир аскердик тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта эки учкуч каза болду

708239
Сербияда бир аскердик тик учар кырсыкка учурады

Сербиянын түндүк батышындагы Сабач шаарына жакын жерлерде машыгуу учушуна чыккан тик учар кырсыкка учурады. Кырсыкта эки учкуч каза болду.

Сербиянын коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта учактын кырсыкка учуроо себебинин азырынча аныктала албагандыгы белгиленди. Сербиянын короо министри Зоран Джорджевич кырсык тууралуу териштирүү боюнча жолдомо берди.

Көргөн күбөлөр Сталина айылындагы бир үйдүн жакынында кырсыкка учураган учактын жакын жерлердеги Варна айылынын үстүндө төмөндөн учкандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар