Дүйнөнүн эң чоң кызгымтыл алмазы

59,6 караттык «кызгымтыл жылдыз» ушул кезге чейин аукционго чыгарылган эң баалуу алмаздардын бири катары кабыл алынууда

702736
Дүйнөнүн эң чоң кызгымтыл алмазы

Дүйнөнүн эң чоң кызгымтыл алмазы келерки айда Гонконгдо боло турган аукциондо сатылат. 50 миллион долларга жакын баа бычылган 59,6 караттык «кызгымтыл жылдыз» ушул кезге чейин аукционго чыгарылган эң баалуу алмаздардын бири катары кабыл алынууда.

Өткөн жылы  Кристинин аукцион үйү тарабынан Швейцариянын Женева шаарында аукционго чыккан 14, 62 караттык Оппенгеймер көгүлтүр алмаз 57, 5 миллион долларга сатылган жана дүйнөнүн эк кымбат шакеги болгон.

12. 03 караттык көк ай алмазы да 2015 -  жылы 48, 4 миллион долларга Гонконгдук миллиардер Жосеф Лауга сатылды. Лау андан мурда да 16, 08 караттык «Таттуу Жосефине» аттуу кызгымтыл алмазды 28, 7 миллион долларга сатып алган. Ушул кезге чейин табылган эң чоң кызгымтыл сары алмаз 2013 -  жылы 35 миллион долларга сатылган. «Кызгымтыл сары» деп аталган алмаз 14, 82 карат.



Тектеш кабарлар