Перудагы селде каза болгондордун саны 91ге жетти

Жалпы өлкөдө өткөн айдын башында таасирдүү болгон селдерде эң аз 23 киши каза болуп, 37 киши жараланган болчу

701799
Перудагы селде каза болгондордун саны 91ге жетти

Перуда болгон сел апаатында каза болгондордун саны 91ге жетти. Өлкөнүн түндүгүндөгү Пиура шаарында 15 саатка созулган катуу жамгырдан кийин дарыянын ташуусу менен  чыккан селде 4 киши дагы каза болду.

Сел сууларынын жогорулашы менен дарыянын жээгинде жайгашкан кыштакта 500дөн ашуун киши аймактан чыгарылды. Кыштактагы жүздөгөн кишинин  коопсуз аймактарга алып барылышы күтүлүүдө.

Улуттук чукул абалдар боюнча иш алып баруу борборунан генерал Хорхе Чавез өлкөдө акыркы 10 жылдын эң катуу жамгыры жаагандыгын белгиледи. Чавез Пиура шаарынын борборунда 10 миң кишинин селден таасирленгендигин, бул сандын Катакаос кыштагында 20 миңге жеткендигин айтты.

Жалпы өлкөдө өткөн айдын башында таасирдүү болгон селдерде эң аз 23 киши каза болуп, 37 киши жараланган болчу.

72 миңге жакын киши таасирленген селде 15 миң имарат зыянга учурап, 994  имарат, 14 көпүрө жана 46 километр кургак жолунун колдонулбай турган абалга келгендиги билдирилген. Жамыгр таасирдүү болгон өлкөдө январь айынын акырында да борбор шаар Лима башта болуу менен башка шаарларда өзгөчө абал жарыяланган болчу.



Тектеш кабарлар