НАТОнун жыйыны алдыга жылдырылды

Жыйын 5-6-апрель күндөрүнө пландалган болчу

700874
НАТОнун жыйыны алдыга жылдырылды

НАТОнун тышкы иштер министлеринин жыйыны АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун жыйынга катыша алуусу үчүн алдыгы жылдырылды.

НАТО, 5-6-апрель күндөрүнө пландалган жана Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлө турган жыйындын 31-март жума күнүнө жылдырылганын маалымдады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Тиллерсон 5-6-апрелде НАТОнун жыйынына катыша албай турганын, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин АКШга сапарында президент Дональд Трампты коштоп жүрө турганын билдирген болчу.

Түркияны НАТО жыйынында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылат.

Бул учурда Тиллерсон НАТОнун жыйынынын алдында 30-мартта да Түркияга келиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар