Украинада аскердик тик учар кырсыкка учурады
Кырсыкта беш киши каза болду
699655
Украинанын чыгышында Крамоторск шаарынын жакындарында Ми - 2 моделиндеги аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен беш киши каза болду.
Украинанын коргоо министрлигинин террор менен күрөшүү боюнча катчысы Александр Мотузяник : «Тик учардагы 2 жүргүнчү менен 3 экипаж каза болду»,- деди. Мотузяник кырсыктын тик учардын электр өткөргүч линияларга урунуу менен чыккандыгын белгиледи.