Жер Ортолук деңизде бозгундар сууга чөктү

Кырсыктан 250 адам каза болушу мүмкүн

698128
Жер Ортолук деңизде бозгундар сууга чөктү

Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги жаңы кырсыктан 250 адамдын каза болушу мүмкүн экени айтылып жатат.

Италиянын басма сөзүнө чагылган маалыматтарга караганда, Ливиянын жээгинде болгон кырсыкта эки башка кеме оодарылып кетти.

Аймактагы издеп-куткаруу иштеринде орун алган Испаниянын жарандык коомдук мекемесине таандык катер, 5 бозгундун сөөгүн деңизден чыгарды жана эки башка кеменин чөккөнүнө байланыштуу эскертүү жарыялады.

Кырсыктан 250 бозгундун каза болушу мүмкүн экени санаркатууда.

Италиянын борбор шаары Римдеги Жээк коопсуздугу командирлиги дайынсыздардын санын ырастады.

Италиянын жээк коопсуздугун сактоочу топтору да катышкан издеп-куткаруу иштерине аймактагы көп сандаган кеме да жардамчы болуп жатат, бирок деңиз жана аба-ырайынын шарттары каткаруу иштерин татаалдаштырууда.

Жер Ортолук деңизде Ливия менен Италиянын ортосундагы багытта өткөн жылы 5 миңден ашуун бозгун каза болгон болчу.



Тектеш кабарлар