Түркия менен Орусия жыйын өткөрөт
Бул туурасында Мария Захарова билдирди
Түрк жана орус тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлери 29-мартта Орусиянын борбор шаары Москвада террорго каршы күрөшүүнү талкуулашат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова жумалык маалымат жыйынында, Түркия менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда терроризм жана уюшкан кылмыштарга каршы күрөшүү темасы сүйлөшүлө турган жыйын өткөрүлө турганын айтты.
Захарова жыйында орус делегациясына тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотовдун жетекчилик кылышынын пландалганын белгиледи.
Ошондой эле Орусиянын Түркиядагы убактылуу элчинин милдетин аткаруучу Сергей Пановдун Түрк тышкы иштер министрлигине чакыртылышына байланыштуу да: «Убактылуу элчинин милдетин аткаруучу Сергей Панов түрк кесиптештерибиз тарабынан Сирия кризисине чечүүчү жол табуунү сүйлөшүү үчүн чакырылды. Белгилүү болгондой Түркия Сирия маселесине чечүүчү жол табуу процессиндеги негизги өнөктөштөрүбүздүн бири»,- деп айтты.
Тектеш кабарлар
АКШда өрт жана өзгөчө кырдаал
Руидосо шаарына жакын жерде чыккан эки өрттөн улам аймактагы 7800 киши үйлөрүн таштап кетти.