Германия эки немисти өлкөдөн чыгарууда

Германияда жарандык ата  - эненин улутуна жана туулган жерине карата берилет

697065
Германия эки немисти өлкөдөн чыгарууда

Германия өткөн айда «террордук кол салууну» пландады деген шектенүү менен камоого алынган, бирөөсү алжирдик бирөөсү нигериялык эки кишини Германияда төрөлгөндүгүнө карабастан өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды.

Полиция шектүү кишилердин Геттинген шаарындагы үйлөрүнө 9 -  февралда жасаган баскында бир курал менен террордук уюм ДЕАШтын байрагын тапкан болчу. Бирок полиция кол салуу менен байланыш таба албагандыктан териштирүү токтотулуп, эки шектүү кишинин бир гана «коркунучтуу» экендигине чечим чыгарылган болчу. Андан кийин Төмөнкү Саксония ички иштер министри Борис  Писториус федералдык сотко кайрылып бул эки киши үчүн өлкөдөн чыгаруу чечиминин чыгарылышын талап кылган.

Министр соттун талабын кабыл алгандыгын, эки шектүү кишинин келерки айдын баштарында өлкөдөн чыгарыларын билдирди. Нигерия жана алжирдик жетекчилер менен өлкөдөн чыгаруу процессинин жеңилдетилиши боюнча сүйлөшүлгөндүгүн белгилеген Писториус эки шектүү кишиге өмүр боюу Германияга кирүүсүнө тыюу салынарын да белгиледи. Бул Германия тарыхында биринчи жолу ишке ашууда.

Германияда жарандык ата  - эненин улутуна жана туулган жерине карата берилет. Немис жетекчилер 19 -  декабрда Берлиндеги бир Ноель базарына жасалган кол салуудан бери коопсуздук чараларын арттырган.

Кол салууда 12 киши каза болуп, эң аз 49 киши жараланган.



Тектеш кабарлар