АКШдан кийин Англия да каттамдарга байланыштуу кабинага чектөө алып келд
Жүргүнчүлөр узундугу 16, эни 9, 3 сантиметрден чоң электрондук аппараттарын кабинага ала албайт
697008
![АКШдан кийин Англия да каттамдарга байланыштуу кабинага чектөө алып келд](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fb45/0b58/fd14/58d1fe16efcad.jpg?time=1718471350)
Англис мекемелери алты өлкөдөн Бириккен Королдукка жасала турган түздөн түз каттамдарда жүргүнчүлөрдүн кээ бир электрондук аппараттарды кабинага алуусуна тыюу салды.
Англиянын премьер – министрлик кеңсесинен берилген маалыматка караганда бул өлкөлөрдөн Бириккен Королдукка жасала турган каттамдарда жүргүнчүлөр узундугу 16, эни 9, 3 сантиметрден чоң электрондук аппараттарын кабинага ала албайт. Бул аппараттар учактын багажына берилген чемодан же сумкага салынышы керек. Тыюу салуу кээ бир аэропорттордо бүгүндөн баштап күчүнө кирет.