Дамаскта катуу кагылышуулар

Көргөн күбөлөр оппозициячылдардын  күтүлбөгөн кол салуусунда шаардын борборуна миномет жана ракеталардын түшкөндүгүн билдиришти

694865
Дамаскта катуу кагылышуулар

Сириянын борбор шаары Дамаскта тышкы маалаларда армия менен куралдуу оппозициячыл топтордун арасында катуу кагылышуулардын болгондугу маалымат берилди.

Көргөн күбөлөр оппозициячылдардын  күтүлбөгөн кол салуусунда шаардын борборуна миномет жана ракеталардын түшкөндүгүн билдиришти. Сирия армиясынын кол салууларга абадан кыймыл жүргүзүү менен жооп бергендиги билдирилди.

Байкоочулар оппозициячылдардын Жобар аймагында армия буктурмаларына кол салгандан мурда бомба жайгаштырылган унаалар менен эки башка жан кечтилик кол салуу жасагандыгын белгилешти.

Сирия мамлекеттик медиасы кол салууда Жобардагы жашыруун туннелдердин да колдонулгандыгын жарыялады. Дамаскта  оппозициячылдардын колунда аз санда аймак бар. Жобар шаар борборуна эң жакын кыштак. Кыштактын бир бөлүгү оппозициячылдар менен террористтердин башка бөлүгү да армиянын колунда. Жобардын текшерүүсү үчүн тараптар эки жылдан ашуун убакыттан бери согушууда. Дамасктагы АФП кабарчылары жалпы шаардагы жарылуулардан кийин армиянын стратегиялык мааниге ээ Аббасид аянтына чыккан жолдорду токскондугун билдирди.

Борбору Лондон болгон оппозициячыл Сирия Адам Укуктарын байкоо үйү оппозициячылдардын армиянын кол салуусу астындагы Барзех, Тишрен жана Кабундагы кысымды азайтуу үчүн каршы кол салуу баштагандыгын белгиледи.

Дамаскта шаршемби күнү Адилеттик сарайына жасалган жан кечтилик кол салууда 31 киши каза болгон. Андан кийин шаардын батышындагы бир ресторанга жасалган жан кечтилик кол салууда да 20 киши каза болгон. БУУнун оюу боюнча Сирияда алты жылдан бери болуп келе жаткан жарандык согушта 300 миңден ашуун киши каза болгон.

 



Тектеш кабарлар