Борис Жонсон түрк кесиптешин тамакка чакырды

Борис Жонсон менен Мевлүт Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөштү

689948
Борис Жонсон түрк кесиптешин тамакка чакырды

Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглун тамакка чакырды.

Жонсон «ITV» гезитине берген маегинде Түркия менен Нидерландиянын ортосундагы кризиске капа болгонун белгилеп: «Эки өлкө тең НАТО өлкөсү жана биздин досторубуз. Кесиптешим Мевлүт Чавушоглу мага телефон чалды. Ага эгерде мени менен түшкү тамактанууга келгиси келсе, аны эч нерсе токтото албай турганын айттым»,-деди.

Англиялык министр, Нидерландия менен Түркиянын ортосундагы кризистин мүмкүн болушунча эң кыска мөөнөттө чечилүүсүн каалаганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар