Францияда баш калкалоочуларга тамак берүү жана душ алуу мүмкүнчүлүктөрүнө тыюу салынды

Муниципалитет башчысы Наташа Бошарт адамзаттык мааниде айтуу кыйын болсо да азык – түлүк жардамы жана душ сыяктуу темаларда гуманитардык жардамдарга каршы экендигин айтты

683931
Францияда баш калкалоочуларга тамак берүү жана душ алуу мүмкүнчүлүктөрүнө тыюу салынды

Франциянын Кале шаарында муниципалитет баш калкалоочуларга тамак берүү жана жуунуу мүмкүнчүлүгүн берген көчүп жүрүүчү душ кабиналарынын жайгаштырылышына тыюу салды.

Франциянын түндүгүндөгү жана октябрь айынын акырында бошотулган Кале баш калкалоочу лагеринде  чет элдиктердин кайрадан чогулушуна тоскоол болуу максатында муниципалитет тарабынан талаш – тартыштуу ишке ашыруулар баштатылды. Кале муниципалитети чыгарган чечимге караганда баш калкалоочуларга тамак берүү жана душ алууларына мүмкүнчүлүк берген көчүп жүрүүчү кабиналарды курууга тыюу салды.

Муниципалитет башчысы Наташа Бошарт жергиликтүү «Ла Вуа дю Нор» гезитине берген маалыматында адамзаттык мааниде айтуу кыйын болсо да азык – түлүк жардамы жана душ сыяктуу темаларда гуманитардык жардамдарга каршы экендигин белгиледи.

Калеге кечээ барган ички иштер министри Бруно Ле Ру бул шаарда жаңы лагерлердин курулушуна уруксат беришпей тургандарын белгилеп жана азыркы учурдагы баш калкалоочуларга тамак берүүгө уруксат берилерин билдирген.



Тектеш кабарлар